• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда биринчи жолу шайлоодо электрондук паспорт колдонулууда

Коом 0

Бишкек, 28.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу шайлоочулар шайлоо тилкелеринде идентификациядан өтүү үчүн электрондук паспортторун колдонушууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.

"Шайлоо учурунда жарандар биринчи жолу шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялоо үчүн электрондук паспортторду колдоно алышат. Электрондук документ форматындагы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту "Түндүк" системасынын тиркемесинде санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылып, жарандар тарабынан кеңири колдонулат", - деп айтылат БШКнын маалыматында.

Белгиленгендей, аны шайлоодо колдонуу биринчи жолу Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын идентификациялык программаларына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий