• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Эмгек министри Таласта майыптардын жашоосун жакшыртууга багытталган чаралар тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Талас шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү боюнча облустун жашоочулары менен жолугушуу-диалог өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу "Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" фонду менен биргеликте уюштурулган.

Анда эмгек министри Гүлнара Баатырова майыптыгы бар жарандардын көйгөйлөрү боюнча маалымат берип жатып, аталган категориядагы жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирди.

"БУУнун майыптардын укуктары боюнча Конвенциясынын артыкчылыктуу талаптарынын бири болуп алардын коомго социалдык интеграциясы үчүн шарттарды түзүү, реабилитациялык кызматтарды жакшыртуунун жаңы механизмдерин киргизүү саналат. Акыркы жылдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалын жакшыртууга багытталган мамлекеттик деңгээлде көптөгөн чечимдер кабыл алынды – ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлдү, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана социалдык жардамдын башка түрлөрү жакшырды", - деди ал.

Министрдин айтымында, биздин өлкөдө 213 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, алардын 37 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдар. Ал эми мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттеринин аркасында майыптардын укуктарын камсыз кылуу жаатындагы абал акырындык менен жакшы жакка өзгөрө баштады.

Министр катышуучулар менен баарлашып, тургундарды кызыктырган бардык суроолорго жооп берди. Ал мындай жолугушууларды республиканын бардык облустарында уюштурууну пландап жатканын белгиледи.

Талас облусунун жашоочулары менен жолугушууга Эмгек министрлигинин, МСЭК, Саламаттык сактоо министрлигинин, билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары, "ДМЧА" фондунун координатору жана райондук кураторлору, соц.фонддун, камсыздандыруу мекемесинин өкүдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий