• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ошто 140тан ашык адам "Тоо жана шаардык гиддерди даярдоо" курсун аяктады

Аймак 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Ош шаарында 140тан ашык адам "Тоо жана шаардык гиддерди даярдоо" курсун аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ош Мамлекеттик университетинде "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсүнүн" долбоорунун жана "Тоо туризми жана тоо гиддердин ишмердүүлүгү" курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды.

Курстун катышуучуларына, ошондой эле туризм тармагынын уюмдарынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземине туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, Дестинация Ош, АРИСтин, ОшМУнун өкүлдөрү катышты.

"Жалпысынан 40 сааттык 5 күндүк курсту 140тан ашык студент аяктады, анын ичинде туристтер менен түздөн-түз иштеген гиддер жана инструкторлор бар", - деп айтылат маалыматта.

Курстардын максаты – анын катышуучуларын тоо туризминин практикалык көндүмдөрүнө, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздерине үйрөтүү.

Пикир

Оставить комментарий