• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө Садыр акенин 200 жылдыгы, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.07.23./Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Иш-чарага бүгүн расмий түрдө старт берилип, "Улут баскан улуу жол" аттуу фестиваль башталды.

Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада салт санаасын менен таныштырышууда.

Андан сырткары кыргыз казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүүдө.

Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтышууда.

Иш-чара 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыктары чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий