• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда бир катар илимпоздор Жогорку Кеңештин сыйлыктары менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.04.24. / Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Улуттук илимдер академиясынын илимпоздоруна, парламенттин мурунку депутаттарына, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, ар түрдүү тармактын мыктыларына Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана "КР Жогорку Кеңешине 85 жыл" юбилейлик медалдарын тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө Нурланбек Азыгалиев парламентаризмди жана мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлык ээлерине ыраазычылык билдирип, аларга ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдагы депутаты, Мамлекеттик тил комиссиясынын мурунку төрагасы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал эми 85 жылдык юбилейлик медалдар менен Улуттук илимдер академиясынын (УИА) вице-президенти Чолпонкул Арабаев, УИАнын Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, УИАнын илимий кызматкерлери - Токон Мамытов, Сулайман Кайыпов, Айнуру Алтыбаева, Турдукан Жумабекова, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү Кудайберген Базарбаев, Айнура Аскарова жана башкалар сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий