• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ч.Турсунбеков жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылындагы жергиликтүү эл менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-май /Кабар/. Бүгүн 20-майда Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын Ош облусундагы иш сапары Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында уланып, делегация жер көчкүдөн жабыр тарткан жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жалпак-Таш айылындагы табигый кырсыктан жабыр тарткан элдин абалы Жогорку Кеңештин көңүл борборунда экенин эске салган Төрага: "Кыргыз эли ушундай апааттарды ынтымак жана биримдик менен жеңген. Андыктан, силердин башыңарга түшкөн кырсыкты, жалпы кыргыз элинин кайгысы катары карап, кесепеттерин биргелешип жеңерибизге ишенем", - деди. Ошондой эле, парламент кырсыктын кесепеттерин жоюу багытында тиешелүү чараларды көрүп жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков, аталган маселелер тармактык комитеттерде жана фракцияларда каралып, көрүлүүчү чаралар талкууланып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Жалпак-Таш айылындагы эрте жаздан бери жылып келе жаткан жер көчкү 45 үйдү, бир ФАПты, айылдагы мектепти, мечитти, көрүстөндү жана 35 электр мамысын басып калган. Ал эми тургундар коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Табигый кырсыктан улам жер которууга мажбур болгон тургундар Төрага менен болгон жолугушууда бир катар жергиликтүү көйгөйлөр тууралуу суроолорун узатышты. Алсак, элет элинин айтымында жаңы жерге көчүрүлгөндөн кийинки үлүш жер, таза суу, жол сыяктуу бир катар социалдык муктаждыктарды камсыздоо менен катар кайтарымсыз ссуда жана насыя маселелерин тез арада чечүү зарыл.

Андан тышкары, алар көчкүдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарын Жогорку окуу жайларга жеңилдетилген шартта кабыл алуу маселелерин карап чыгууну суранышты. Ал эми Төрага көтөрүлгөн маселелер Жогорку Кеңештин жыйындарында каралып, тиешелүү Өкмөттүк мекемелердин кароосуна жөнөтүлөрүн белгилеп: "Кыш келгенге чейин кырсыктын кесепеттерин жоюу багытындагы сунуштар четинен чечилет", - деди.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков көчкүдөн жабыркаган жергиликтүү элге Төраганын жеке резервдик фондунан 500 миң сом тапшырды. Мындан сырткары, ар кандай күтүүсүз кырсыктардын кесепеттери менен күрөшүүдө жергиликтүү эл да өз аракетин көрүп, турак-үйлөрүн эртерээк камсыздандыруусу шарт экенин эскерткен Төрага: "Ар бир жаран өз коопсуздугу үчүн кам көрүүсү зарыл" - деди.

Ошондой эле мындан ары ушундай кырсыктар болбосун деген тилегин билдирген Чыныбай Турсунбеков Жалпак-Таш айылындагы энелерди эртеңки Энелер күнү менен куттуктады. "Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдан бери белгиленип келет. Бул майрамдын башкы максаты мээримдүү өмүр булагы болгон энелерге урмат кылып, анын асылдыгын даңазалоо. Андыктан, бала үчүн баарына даяр болуп, үй-бүлөнүн очогун жандырган энелерибиз көп жашасын. Кудайым элибизди ар кандай кырсыктардан алыс кылып, эненин бир тамчы жашы акпасын", - деди Төрага Чыныбай Турсунбеков. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасынын Ош облусуна болгон иш сапарына депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Жыргалбек Калмаматов, Болотбек Ибраимжанов, Уланбек Примов, Жанарбек Акаев катышууда.

Ошондой эле, иш сапарды Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий