• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен БУУнун КРдагы Өнүктүрүү Программасынын биргелешкен жыйналышы өттү

Саясат 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын катышуусунда SALIENT – “Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарды контролдоону күчөтүү” долбоорун башкаруу боюнча комитетинин жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышта БУУ системасынын Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасынын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, БУУнун Азия жана Тынч океанындагы Тынчтык жана куралсыздандыруу боюнча аймактык борборунун директору Дипаян Басу Рэй (онлайн форматында), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бирдиктүү координациялоону камсыз кылуу, улуттук мыйзамдарды бул чөйрөдөгү эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү жана жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарды контролдоо маселелери боюнча улуттук координатор болуп аныкталган.

Буга ылайык КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун тескемеси менен ушул чөйрөдөгү тиешелүү эл аралык долбоорлорду жана демилгелерди ырааттуу ишке ашырууну караган ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жана жарандык калктын арасында куралдуу зомбулукту болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жыйналыштын жүрүшүндө мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасынын өкүлчүлүгүнүн ортосунда аталган маселелер боюнча 2024-жылга Биргелешкен иш-аракеттердин алкактык планы каралып, жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий