• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парижде кыргыз-француз кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Тышкы иштер министрлигинин континенталдык Европа департаментинин директору Брис Рокфел менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-француз эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Ушул жылы жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу менен саясий диалогду кеңейтүүгө өз ара даярдыктар ырасталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Садык Шер-Нияз Кыргызстандагы маанилүү ички саясий трансформациялар жөнүндө маалымат берип, кош салык салуудан качуу жана инвестицияларды коргоо боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун уюштуруу аркылуу экономикалык, соода жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашды.

Брис Рокфель 2023-жылы Франциянын ЖОЖдоруна Кыргызстандан 122 студент кабыл алынганын канааттануу менен белгилеген. Ошону менен бирге элчи кошумча түрдө Кыргызстандын музей кызматкерлеринин жана француз тили мугалимдеринин квалификациясын Францияда жогорулатуу боюнча кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий