• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жогорку окуу жайдын имаратына уурулукка кирген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Бишкекте жогорку окуу жайлардын бирине уурулукка кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүү 1963-жылы туулган Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну. Ал окуу жайдын имаратына Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиция менен кайтарууда турган окуу жайдын ачкыч тандоо жолу менен кирип, баасы 73 миң сомдук компьютердин жабдыктарын уурдап чыгып бара жаткан жеринен кармалган.

Бишкек шарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө билдирип, Ошол замат ыкчам кармоо тобу жиберилген.

Кармалган жаран Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий