• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

БШК: Бир мандаттуу үч шайлоо округунда сырттан добуш берүү жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Бүгүн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого сырттан добуш берүү жүрүп жатат.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча 81 УШКнын 8не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 31 арыз түшкөн, анын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 16;
  • майыптыгы барлар - 8;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 7.

№7 Ош шайлоо округу боюнча 55 УШКнын 41не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 488 врыз түшкөн, анын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 183;
  • майыптыгы барлар - 179;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –105;
  • башка категорияларга киргендер -21.

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча 62 УШКнын 25не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 168 арыз түшкөн, анын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 72;
  • майыптыгы барлар - 39;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 57.

Маалымат үчүн: Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү шайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жана шайлоочунун шайлоо участогунан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий