• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

12-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүн биринчи жарымында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +1...+6, Талас облусунда +2...+7, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Нарын облусунда -2...-7 градус суук болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +4...+6, Ош калаасында градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий