• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы Калкты тейлөө борборлорунда күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Республика боюнча бардык Калкты тейлөө борборлорунда күн сайын дезинфекциялоо жана тазалоочу профилактикалык чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын буйрук чыкмайынча, тейлөө борборлору штаттык тартипте иштейт. Анын үстүнө келген кардарлардын саны азайганы белгиленүүдө.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий