• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо балдарына тамак-аш таба албаган жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Караколдо жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди.

Анын айтымында, ал аял 2 баланы багып, алардын биринин майыптыгы бар.

"Кечээ маалымат келгенден кийин мэриянын жана "Тирек" реабилитациялык борбордун кызматкерлери ал үй-бүлөгө барышкан. Ал аял көп дары ичип алып, өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок аны медицина кызматкерлери куткарып калган. Ал үй-бүлөсүн бага албай жатканын айтты. Кечээ күнү мэриянын кызматкерлери гуманитардык жардам алып барып берди. Ошондой эле балдарга жардам борбору да азык-түлүк түрүндө жардам беришкен. Учурда ал аял менен психологдор иштеп жатат", - деди ал.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу ал аял күнүмдүк оокатын таап иштеген ишинен ажыраган.

Пикир

Оставить комментарий