• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто сел жүргөн аймактарда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында селден жабыркаган аймактарда санитардык тазалоо боюнча ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сенитардык тазалоо иштери Ош шаары жана Ош облусу боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан аткарылууда.

Аталган борбор жашаган жеринде сел жүргөн бардык жарандарды мүмкүн болуучу коркунучтардан эскертип, жакындарынын ден соолугуна этият болууга, адистердин көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырат.

Белгилей кетсек, нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ош облусунун бир катар аймактарында сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий