• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тогуз-Торо районунда мал уурулар кармалышты

Аймак 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. 21-март күнү Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 1960-жылы туулган Б.Ө. аттуу жергиликтүү тургун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Себеби, 20-март түнү белгисиз адамдар Тогуз-Торо районунун Коон-Булак аймагында жайгашкан сарайынан бир баш коюн уурдап кетишип, 6000 сомдук зыян келтиришкен.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Казарман айылынын 1979-жылы туулган К.Э жана 2000-жылы туулган С.у.А. аттуу жашоочулары кармалышкан.

Учурда район аймагында катталган ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий