• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунда катуу шамал катталып, үйлөрдүн чатырларын учурган

Кырсык 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. Нарын районунун Учкун айыл аймагында кечээ, 27-мартта болжол менен саат 17:30 чамасында катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен. Анын кесепетинен Учкун айылындагы турак үйдүн чатырын, Куланак айылындагы айыл өкмөттүн имаратынын чатырын жана Достук айылындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

“Жалпы район боюнча 3 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин чатырлары шамалдын кесепетинен кыйроого учураган”,-деп айтылат маалыматта.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Учурда материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий