• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Жалал-Абаддагы Чаткал дарыясынын жээги бекемделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Жалал-Абаддагы Чаткал дарыясынын жээги габион торчолору менен бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жергиликтүү бийлик тарабынан 285 даана габион торчо алынып, учурда белгиленген Жер-Капчыгай, Айгыр-Жал, Кара-Шоро айылдары жергиликтүү тургундардын жардамында бекемдөө жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берген эскерменин негизинде ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий