• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МСК окуучулар жана студенттер арасында эң мыкты эссе жана видеороликке сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жаштар арасындагы салык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Салык – мамлекеттин өнүгүшүнө салым" деген темада сынак өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Сынакка жалпы билим берүү уюмдарынын 10-классынын окуучулары жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, КР президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын, Ош мамлекеттик университетинин, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн 10-класстын окуучулары "Салык төлөө өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасир этет?" аттуу темада эссе жазышы керек. Алар өз эмгектеринде Кыргызстандагы салык салуу системасын кыскача баяндап, салык төлөө өлкөнүн өнүгүүсүнө, анын ичинде жолдорду, мектептерди, ооруканаларды курууга жана социалдык төлөмдөргө кандай таасир этерин түшүндүрүшү керек.

Жогорку окуу жайлардын студенттери "Өлкөнүн өнүгүшү жана келечеги үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгү" деген темада видеоролик же Кыргызстандагы салыктардын түрлөрү жөнүндө графикалык дизайнды колдонуу менен аналитикалык материал даярдоосу зарыл. Сынактык видеоматериалдар ЖОЖдордун расмий баракчаларына #salykstudent2024 (#салыкстудент2024) хештеги менен жарыяланышы керек.

Сынактын бардык материалдары 27-майга чейин salykkyzmaty@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылат. Эң мыкты эссе жазгандарга 4 смартфон, ал эми эң мыкты видеоматериал даярдагандар үчүн 4 компьютер жана ноутбук берилет.

Пикир

Оставить комментарий