• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зыян 200 млн сомго жакын. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан мамлекетке дээрлик 200 млн сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшундө фонддун жооптуу кызмат адамдары 2019-2022-жылдар аралыгында кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана жеке жактар менен туруктуу коррупциялык байланыштарын түзүшүп, материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алууга, айрым жеке тараптардын кызыкчылыгында каражаттарды мыйзамсыз бөлүүгө, натыйжасыз жана максатсыз пайдаланууга жагымдуу шарттарын түзгөн бир катар коррупциялык аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 192 млн 843 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий