• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл милициясынын өздүк курамына сабактар уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясынын окутуучулары Ысык-Көл милициясынын өздүк курамы менен сабактарды өтүштү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иш-чара КР президенти Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан министрликтин коллегиясында кадрлар кызматтарынын алдында койгон талаптарын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Анын алкагында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Ички иштер министрлигинин Академиясынын окутуучуларынын катышуусу менен өздүк курам арасында сабактарды уюштурушту.

Аталган иш-чаранын негизги максаты милиция кызматкеринин күнүмдүк ишине тиешелүү укуктук аң-сезимдин, жүрүм-турумдун социалдык-маданий жана этикалык стандарттарынын кемчиликтерин, коммуникация көйгөйлөрүн, психологиялык туруксуздукту, инсандын кесиптик деформациясын жоюуга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий