• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда 15 млн погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/.Чүй облусунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азиз Эгембердиев билдирди.

“2020-жылдын 18-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 1 104 266 м2 имараттын ичи, 1 265 924 м2 имараттын сырты, 15 202 541 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 27 817 кг хлор, 1007 литр суюк хлору, 600 хлор таблеткасы сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий