• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Европа жана БА боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июнда, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Анна Бьердени жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, Дүйнөлүк банк өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жигердүү жана тыгыз кызматташууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Дүйнөлүк банкка илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга биринчилерден болуп колдоо көрсөтүп баштагандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, энергетика, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду өз маалында ишке ашыруу боюнча жигердүү ишке даярдыгын баса белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде кызматташтык үчүн ыраазычылык айтып, кыргыз тараптын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсеси менен активдүү өз ара аракеттешүүсүн канааттануу менен белгиледи.

Ал белгилегендей, коронавирустун жайылышынын кесепеттери менен күрөшүү азыркы тапта Дүйнөлүк банктын ишмердүүлүгүндө артыкчылык берилген багыт катары аныкталган.

Бүгүнкү күндө Банк тарабынан пандемия менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 21 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Мындан сырткары, экономиканын төмөндөө шартында кризиске реакция кылып, калкка социалдык колдоо көрсөтүүдө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоорлор даярдалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий