• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстан менен Азербайжан санариптик трансформация маселелерин талкуулады

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана Азербайжандын санариптик өнүктүрүү жана транспорт министри Рашад Наби Оглу Набиев жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу президент Садыр Жапаровдун Азербайданга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн.

Анда министрлер санариптик кызматтар, спутниктик технологиялар, мобилдик тиркемелер жана мамлекеттик органдарды координациялоо сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Санариптештирүү органдарынын башчылары кызматташуунун алкагында интернетти орнотуунун альтернативдүү жолдорун талкуулоого өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында мобилдик тиркеме, санариптик кодекс боюнча онлайн-семинар уюштурууну макулдашып, азер тарап ушул эки багытта кыргыз тараптын тажрыйбасына кызыгышты.

Тараптардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана билим берүү эки өлкөгө өздөрүнүн санариптик стратегияларын натыйжалуу ишке ашырууга жана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет.

"Жолугушуу Кыргызстан менен Азербайжандын санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын тастыктайт, бул эки өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө жана алардын жарандарынын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт". - деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий