• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык дагы бир мушкер Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу мелдешке 54 кг чейинки салмакта катышты. Жумаев алгач 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандын мушкери Мейлис Шадурдыевди 4:1 эсебинде уткан. Чейрек финалда тажикстандык Анушервон Фазыловду жеңип, жарым финалдык беттеште ирандык Солтани Амирразени үч раунддун жыйынтыгы менен артта калтырган.

Ал эми финалдык беттеште кыргызстандык мушкер өзбекстандык Собиржон Тастановго жеңилип, жыйынтыгында жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш байгесине татыды.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын дагы бир мүчөсү Зафарбек Камалов күмүш медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий