• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте пара сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарында 30-октябрда пара сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин катышуучулары 25, 50 жана 100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү, брасс, такта менен сүзүү жана далы менен сүзүү боюнча жарышат.

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана пара сууда сүзүү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий