• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте аркан тартыш боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында аркан тартыш боюнча чемпионат болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 26-27-апрель күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналган.

Турнирге ар кандай клубдардын жана спорттук уюмдардын спортчулары, жалпы 13 команда катышты.

Мелдеш Кыргызстандын аркан тартыш эрежелерине ылайык өткөрүлдү.

Эркектер арасындагы чемпионаттын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орун - "Шумкар"командасы;
2-орун "Омега"командасы;
3-орун-ӨКМ командасы.

Аялдар арасында:
1-орун - "Шумкар"командасы;
2-орун- ВВ командасы;
3-орун-ИИМдин командасы.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча бардык жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана "Кыргыз Республикасынын аркан тартыш федерациясы" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий