• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек мэри Жунушалиев Москва өкмөтүнүн министри Черёмин менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиев менен Москва өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын тышкы экономикалык байланыштар департаментинин башчысы Сергей Черёминдин жолугушуусу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Москва өкмөтүнүн ортосунда 2024-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Бул программанын алкагында соода-экономикалык мамилелер, жол-транспорт инфраструктурасы, шаар куруу, борбордун аймактарын көрктөндүрүү, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, маданият жана спорт, калкты социалдык жактан коргоо жаатында тыгыз кызматташуу ишке ашырылат.

«Дом Москвы» маданий-ишкер борборуна имарат куруу маселеси да талкууланды.

Өз кезегинде Сергей Черёмин Бишкек шаарынын 146 жылдыгы менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү шаарлар аралык кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий