• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Ак-Босого конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Бишкектеги Ак-Босого конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Ак-Босого конушунун турак жайларына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Суу "Ак босого-1", "Ак босого-2" суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий