• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

31-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-январда, Кыргызстандын аймагында күндүз күн ачык болот, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 1…+6 градус, Талас облусунда 0…+5 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз -3…+2 градус, Нарын облусунда болсо -5…-10 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 4…9 градус болот.

Бишкек шаарында бүгүн жаан-чачын күтүлбөйт, абанын табы күндүз 4…6 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий