• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

ИИМдин 87 жетекчиси тартип жазасына тартылып, бирөөсү кызматынан кол жууду

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Ички иштер органдарынын 87 жетекчиси тартип жазасына тартылып, алардын ичинен бирөөсү ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Мындай чечим 26-апрелде өткөн ИИМдин 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда чыгарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жазага тартылган жетекчилер коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кемчиликтерди кетиришкен.

“Бир топ жетекчи кызматкерлердин ишмердүүлүгү жарым жылдын жыйынтыгына арналган отурумда каралат. Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди”, - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий