• 88.68
  • 95
  • 0.95

6-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Эртең, 6-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6, Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9 градуска жетет.

Эртең, 6-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 3...5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий