• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тайванда 25 жылдан берки эң катуу жер титирөө болду

Дүйнө 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. 3-апрель күнү эртең менен Тайванда акыркы 25 жылдагы эң катуу жер титирөө болду. Ар кыл сейсмологиялык агенттиктердин маалыматы боюнча, анын магинтудасы 7,2ден 7,7ге чейин жетти.

Тайвань бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, жети адам каза болуп, 700дөн ашууну жараат алды. Куткаруучулар урандылардын астында дагы 77 адам болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Жер титирөө аралдын чыгышында, Хуалянь шаарына жакын жерде болгон. Телеканалдар зилзаладан улам кыйраган имараттарды жана көчкөн жерлердин кадрларын көрсөтүп жатышат.

Катуу жер титирөө аралдын түндүгүндө жайгашкан Тайбэй метросунда да сезилди. Метро кыска убакытка жабылып, бирок көп өтпөй каттамдар кайра жанданды. Жер титирөө Кытайдын түштүк-чыгышында жана Шанхайга чейин сезилгени кабарланды.

Жер титирөөдөн кийин Япония, Филиппин жана Тайвань цунами коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү берген. Азыр цунами коркунучу жок.

Тайвандын тиешелүү органдары дээрлик бардык жерде электр энергиясы калыбына келтирилгенин, атомдук станциялар жабыркабаганын билдирди. Темир жолдор жана поезддер да зыянга учураган жок, бирок текшерүүлөргө байланыштуу кечигүүлөр болушу мүмкүн. Жер титирөөдөн кийин бир нече заводдун жумушчулары эвакуацияланган, бирок азыр алардын баары жумуш орундарына кайтып келишти.

Бул 1999-жылдан берки Тайвандагы эң күчтүү жер титирөө болуп калды. Анда силкинүүнүн күчү 7,6 баллга жетип, эки миңден ашуун адам каза болуп, 50 миңге жакын имарат кыйрап же бузулган.

Пикир

Оставить комментарий