• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Айдоочулардын эсине! Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24. / Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, азыркы тапта жеринде №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жатат.

Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулар алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий