• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Сууда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Кара-Сууда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКга ишкер кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кыргызстандын аймагына 9 унаа ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн, андан 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

2024-жылдын 27-апрелинде УКМК кызматкерлери тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Р.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий