• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Москва районунда акча жана унаа тартып алууга шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21 /Кабар/. Москва районунда акча жана унаа тартып алууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-июль күнү болжол менен саат 20:03 чамаларында Москва РИИБине аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Москва РИИБнин ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке дароо чыгып, ооруканага түшкөн жарандын өздүгүн тактап, ал 1980-жылы туулган М.Р.аттуу Москва районунун жашоочусу экендигин аныкташкан.

Териштирүү учурунда үсүбүздөгү жылдын 29-июль күнү болжол менен саат14:30 чамаларында жабырлануучунун Москва районундагы үйүнө “А” аттуу чала тааныш киши жанына бейтааныш балдарды кошуп барып, жабырлануучуга карата күч колдонуп, “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү автоунаага салып, Сокулук району тарапка алып барып, ур-токмокко алкан. Кийин кайра үйүнө барып, М.Р.нын телефонун, 10 миң сом акчасын жана “Мазда-626” үлгүсүндөгү автоунаасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетип калышканы маалым болгон.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Москва РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 1977-жылы туулган Р.А. жана 2002-жылы туулган Т.Б., Ж.У. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий