• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо жана бакубат жашоосуна көмөктөшүүнү улантат

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоосуна көмөктөшөт. Бул тууралуу бүгүн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова менен болгон жолугушууда айтты.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргызстандын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий