• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Ала-Арча" көрүстөнүндө Азиз Мурадиллаевдин эстелиги орнотулду

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. “Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин эстелиги тургузулду. Анын ачылышы эртен, 13-апрелде өтөт. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Иш-чарага маданият кызматкерлери жана маркумдун жакындары катышат.

Азиз Мурадиллаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан улам 44 жаш курагында дүйнө салган.

Ал 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

Азиз Мурадиллаев Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги Семетейдин образын жаратып, дээрлик 10 жылдан ашуун театр күйөрмандарынын купулуна толуп, сүйүктүү актёруна айланган. Кийин Семетейдин образын жаш муунга өткөрүп берип, өзү Ысмайылдын образын чеберчилик менен алып чыккан.

Кайталангыс таланттын ээси кыргыз драматургиясынын эле эмес, дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да мыкты образдарды жаратып келген. Алсак Ж.Б. Мольердин “Анткор оорулуу” спектаклинде Беральддын, Юджин О’Нилдин “Дарак түбүндөгү махабат” спектаклинде Эбиндин, У. Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан сындуу бир топ образдарын жогорку деңгээлде жараткан.

Пикир

Оставить комментарий