• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти биринчи жолу Кыргызстанга келүүнү пландоодо

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Джассира биринчи жолу Кыргызстанга келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, макулдашуу КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин Эр-Ниядга (Сауд Аравия Падышачылыгы) болгон иш сапарынын алкагында жетишилди.


Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) — көп тараптуу өнүктүрүү банкы, анын ишмердүүлүгү дүйнө жүзү боюнча 57 мүчө өлкөдө жана мусулман коомчулугунда социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жолу менен адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий