• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 3 кабаттуу корпусу оңдоодон өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бүгүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынынын 3 кабаттуу корпусу капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, ӨКМдин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, оорукананын жетекчилиги жана жамааты катышты.

Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн», - деди башкы дарыгер.

Белгиленгендей, 3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

Оорукананын корпусу эртең, 1-майдан тартып бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий