• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өз каражатынан гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап бюджеттин эсебинен дарыланмай болду

Ден соолук 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Мурда өз каражаттарынын эсебинен гемодиализ алып жаткан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар 205 бейтап бюджеттин эсебинен дарыланууга өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул бейтаптар өткөн жылдын июнь айынан бери кезекте турушкан. 2021-жылдын 29-январында Саламаттыкты сактоо министрлигинде бюджеттик диализге бейтаптарды тандоо боюнча комиссия өттү, ага ылайык, 1-февралдан тарта алар мамлекеттин эсебинен кымбат баадагы кызматты акысыз алышат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жалпы 1 миң 896 адам бюджеттик гемодиализ процедураларын алышат, анын ичинен, 1 613 бейтап өкмөткө караштуу ММК фонду аркылуу каржыланган гемодиализ процедураларын алышат, ал эми 283 бейтап мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу «Фрезениус Медикал Кеа» гемодиализ борборлорунда диализ алышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин катына ылайык, каржылоо булагы аныкталганга чейин, бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар 205 бейтапка гемодиализ кызматын көрсөтүү ММК фондунун республикалык бюджеттен 2021-жылга карата бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий