• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги "Улуу-Тоо" ресторанында массалык уулануу катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бишкектеги Сухэ-Батор көчөсү, 15/1 дарегинде жайгашкан "Улуу-Тоо" ресторанында массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ресторанда 15-апрель жана 18-апрель күндөрү кыз узатуу тою болгон. Салтанаттан кийин тамак-ашка уулануу белгилери менен бир нече адам ооруканага түшкөн.

22-апрелге карата медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 39 кишиге жетти. Алардын ичинен:

  • 27 адам 15-апрелде,
  • 12 адам 18-апрелде чакырылган коноктор.

Массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынган. Ресторандын 31 кызматкери медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Ошондой эле "Улуу-Тоо" ресторанына 13 миң сом айып пул салынып, иши токтотулду.

Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий