• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Катарлык аудиологдордун катышуусунда угуусу начар балдарга тест өткөрүлүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. 13-марттан 19-мартка чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмү Катардагы Хамад медициналык уюмунун аудологдору менен бирге угуусу начар балдар үчүн угуу тестин өткөрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдарды текшерүү үстүбүздөгү жылдын май айына пландаштырылган кымбат баалуу кохлеардык имплантация операциясына даярдануу максатында Катар мамлекетинин жана Хамад медикал Катар кохлеардык имплантация программасынын жетекчиси Абулсалам Аль-Кахтанинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Ошондой эле отохирургдун жана аудиологдордун делегациянын келүүсү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, доктор Халид Абулхади Иса 2021-жылдын июнь айында импланттарды алган ата-энелер жана балдар жана операцияны күтүп жаткан балдардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий