• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапары менен Австрияга жөнөп кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Австрияга жөнөп кетти. бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Эскерте кетсек, төраганы депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кетти.

Пикир

Оставить комментарий