• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министри Вашингтондо 42,64 млн долларлык эки келишимге кол койду

Экономика 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Вашингтонго (АКШ) иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык Валюта фондунун жылдык жолугушууларынын алкагында Эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, ошондой эле Өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, эл аралык аренада иш сапардын негизги максаттардын бири – Камбар-Ата-1 ГЭСи мегадолбоорунун ишке ашырып, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Алмаз Бакетаев жалпы суммасы 42,64 млн долларды түзгөн эки макулдашууга кол койду.

1. "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" (35 млн доллар) өндүрүүчүлөрдү каржылоо жана өндүрүүчүлөр менен агрегаторлор/кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы өндүрүштүк өнөктөштүк аркылуу сүт жана багбанчылык кластерлерине кредиттерди берет.

2. "Айылдарды суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү" (7,64 млн АКШ доллары) Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы айыл калкынын ичүүчү таза сууга жетүүсүн жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий