• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Садыр Жапаров БАЭнин президентине бир тууганы каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга бир тууганынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Сиздин Абу-Даби шаарынын Чыгыш тарабындагы өкүлүңүз жана агаңыз шейх Тахнун бин Мухаммад Аль Нахаяндын дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизге жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий