• 87.86
  • 93.94
  • 1

Марс Сариев: Бийлик алтынга байланышкан кенедей эле факт аныкталса, элдин ишениминен чыгып каларын түшүнөт

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Азыркы бийлик алтынга байланышкан кенедей эле факт аныкталса, элдин ишениминен чыгып каларын түшүнөт жана билет. Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев "Кабар" агенттигине билдирди.

Саясат таануучу Марс Сариев алтындын айланасындагы маселелерди азыркы бийликке карата жасалып жаткан чабуул деп сыпаттап, коомчулукта мындай темаларды козгоо менен саясий кырдаалга кандайдыр бир таасир этүү аракеттери болуп жаткандыгын белгиледи.

"Белгилүү болгондой, буга чейин Райым Матраимовдон президент Садыр Жапаров акча алды деген сыяктуу маалыматтар тараган. Эми болсо бийликти алтын менен байланыштырып жатышат. Менин оюмча, бийликтин азыркы оппоненттери бийликти таза эмес иштеп жатат дегендей кылып, элге күмөн ойлорду жаратууга аракет жасап жатышат. Анткени бийликке элдин ишеничи артып, аймактарда жана борбордо экономикалык жакшы өзгөрүүлөр болуп жаткан маалда оппоненттер шылтоо таба албай турушат. Ошондуктан менин пикиримде, азыркы бийлик эл үчүн иштеп жатканда алтынга байланышкан жалган сөздөр элди ишендире албайт. Мында бир гана оппозиялык көз караштагылардын кызыкчылыктары эле эмес, чет мамлекеттердин да кызыкчылыктары роль ойноп жатышы мүмкүн. Мындай аракеттер ишке ашпайт деп ойлойм. Анткени, Садыр Жапаров бир грамм да алтын сыртка чыкпайт деп айткан. Ошондуктан азыркы бийлик бул багытта кенедей гана факт аныкталган болсо, элдин ишениминен чыгып каларын түшүнөт жана билет", - деди саясий серепчи.

Ошондой эле ал азыркы бийликтин тарыхый миссияны көздөп, мамлекетти өнүктүрүүгө амбициялуу пландары бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий