• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сузактагы кырсык. Саламаттык сактоо министри окуя катталган аймакка жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуяны жеринен көзөмөлдөө үчүн Сузак районуна жөнөп кетти.

Ведомстводон билдиришкендей, кырсык болгон жерде үч тез жардам бригадасы биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн. Ошондой эле Сузак аймактык ооруканасынан окуя катталган жерге 5 тез жардам бригадасы, 3 травматолог, 2 хирург дарыгерлери тартылды.

Министрликтин саат 19:30 карата акыркы маалыматына ылайык, ооруканага кайрылгандардын саны 32 адамды түзгөн. Анын ичинен 3 бейтап Сузак аймактык ооруканасына жаткырылды, 4 жабырлануучу Октябрь ооруканасында калтырылды, 10 бейтап Жалал-Абад балдар ооруканасына которулду, калган жабыркагандар амбулаториялык дарыланууга жиберилген.

Мындан тышкары, учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 4 адистештирилген медициналык (2 хирургиялык, 1 травматологиялык жана 1 кайра жандандыруу) бригадалар иштеп жатышат, дары-дармектер жетиштүү. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында эки бейтап операцияга алынган, азыркы учурда операциядан кийинки абалы туруктуу.

"Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Бишкектен жана Ош шаарынан санавиация аркылуу керектүү адистер жана зарыл болгон дары-дармектер да кошумча жөнөтүлүп, Ош облустар аралык балдар ооруканасында адистештирилген медициналык бригадалар жана резервттик керебеттер даярдалды.

Ошондой эле министр өзү жерине жөнөп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий