• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто дагы бир муниципалдык ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын түзүлгөндүгүнүн 6 жылдыгына карата «Муниципалдык турак-жай курулушу: кечээ, бүгүн, эртең» аталышындагы отчеттук конференция өттү.

Мэриядан маалымдашкандай, конференцияга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, шаардык кеңештин депутаттары, Ош шаардык муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу, мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Конференцияда ишкананын жетекчиси Кутманалы.Абдырахман уулу ишкана тарабынан 6 жыл ичинде аткарылган жумуштар, жүргүзүлүп жаткан жана алдыда жасалуучу иш-аракеттер боюнча маалымат берди.

Соңунда Т. Турсунбаева №28 көчөсүндөгү үлүштүк курулуш долбоорунун алкагында 15 кабаттан турган 408 батирдин курулушуна капсула салынды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан төртүнчү ирет ишке ашырылууда.

Буга чейин, «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында үч көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

Долбоорго ылайык, жаңы турак жайдын биринчи кабаты коммерциялык жана унаа токтотуучу жайлар үчүн каралган. Мындан тышкары, үйдүн короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт. Батирлер жашоого даяр ички шарттары менен пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий