• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта балык уулоого кетип дайынсыз болгон эки жаш бала аман табылды

Аймак 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Сузак районундагы дайынсыз болгон эки жаш бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 20:00 чамасында Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Масадан айылындагы каналга 10 жана 8 жаштагы эки бала балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болушкан.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен 15 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана туугандары тартылган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 21-август күнү 2 жаш бала каналга жакын жайгашкан турак үйдүн чатырынан куткаруучулар тарабынан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий