• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санарип аймак: Бакай-Ата райондук администрациясынын кызматкерлери окуудан өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруунун алкагында Талас облусуна караштуу Бакай-Ата райондук администрациясынын кызматкерлери окуудан өтүштү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчыларына окууларды өтүп жатышат.

«Аларга «Санарип аймак» автоматташтырылган тутуму, «Е-Kyzmat» адам ресурстарын электрондук башкаруу автоматташтырылган маалыматтык тутумдары жана «infodocs» электрондук иш кагаздарын жүргүзүү программалары менен иштөө үйрөтүлүүдө», - дейт айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий